Бишкек: “бомба коюлду” деген маалымат жалган болуп чыкты (видео)

905

Бишкек шаарындагы «Орто-Сай» базарынын жанындагы “Оберон” соода жайында бомба коюлган деген маалымат жалган болуп чыкты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин басма-сөз кызматы билдирди. Бүгүн түшкө маал милицияга телефон чалган белгисиз адам базарга жардыруучу каражат коюлганын кабарлаган. Бул маалымат түшкөндөн кийин, Бишкектин 7-микрорайонундагы соода комплексине тез жардам кызматы, куткаруучулар жана өрт өчүрүүчүлөр келишти. Милиция кызматкерлери базарды курчоого алышып, анда иштегендер эвакуацияланды. Бирок минаны издөө үчүн чакырылган саперлор менен кинологдор 3 саат иштеп, эч кандай шектүү буюм табышкан жок.