Бишкек депутаттары шаардын көйгөйлөрүн талкуулашты (видео)

503

Кыш башталаарда каражатты бала-бакчаларды жылытууга жумшоо керекпи же велосипеддерге жол салуу зарылбы? Бул суроо Бишкек шаардык кеңештин кезектеги отурумунда көтөрүлдү. Анда шаардык депутаттар тарабынан баш калаа жетекчилигине карата бир топ сын-пикирлер айтылды.

Айрым эл өкүлдөрүнүн пикиринде, пайдасы жок муниципалдык мекемелерге ири каражаттар бөлүнүп, шаардык бюджет максаттуу түрдө колдонулбай жатат. Ошондой эле, отурумдун жүрүшүндө шаардагы унаа тыгындарын азайтуу боюнча сунуштар берилди.