Бишкек: эки үйгө бир дарек (видео)

3142

Мындай учурлар Бишкек шаарында аз эмес. Дал ушундай көйгөй бар экени борбор калаанын 9-кичи районунун тургундары тиешелүү мекемелерге кайрылганда гана белгилүү болгон. Айтымдарында, чукул кырдаалдарда кызматтарды жана такси чакырууда ар дайым маселе жаралат.

Анткени Байтик Баатыр 2, 4, 4а жана 4/1 дареги бир гана 9-кичи районундо эмес, калаанын башка тилкелеринде да кездешет экен. Тиешелүү органдын өкүлдөрү мындай маселе бар экенин билгени менен өзгөртүү мүмкүн эместигин айтып алакан жайышууда.