Бишкек Эркин экономикалык аймагында ири өрт чыкты

787

Кырсык түндө саат экилер чамасында башталган. Алдын-ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок.

Чүй областынын Аламүдүн районундагы Мраморное айылында жайгашкан — Бишкек Эркин экономикалык аймагындагы тилсиз жоону өчүрүү үчүн 4 техника, 20 куткаруучу жана 70ке жакын милиция тартылган. Өрт 4 саатка созулуп, таңга маал гана өчүрүлгөн.

Азырынча кырсыктын себептери жана келтирилген материалдык чыгымдар аныктала элек. Жалпысынан 8 миң чарчы метр аянт жана үч ангар толугу менен күйүп кеткен.