“Бишкек” эркин экономикалык аймагында он чакты мыйзам бузууга жол берилген

891

“Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясы акыркы эки жыл аралыгында финансылык жана башка тармактарда он чакты мыйзам бузууга жол бергени аныкталды. Бул тууралуу мекеменин 2016-2017-жылдардагы киреше-чыгашасына аудит жүргүзгөн Эсеп палатасы билдирди.

Сырткы канализацияны оңдоодо 980 миң сом ашыкча иштетилип, коомдук жумуштарда 7,4 миллион сомдук эреже бузуу катталган. Резерв менен бюджетинде 6,7 миллион жоготуу болгон.

Мындан сырткары “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын Ак-Чийдеги жана Кара-Балтадагы имараттары жана жер тилкелери туура эмес пайдаланылганы белгилүү болду. Чөлкөмдүн курамындагы 16 субъект мыйзам бузуу аркылуу ижарага берилгени такталды.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча эскертүүлөр жана сунуштар кабыл алынып, Жогорку Кеңешке, президенттик аппаратка, өкмөткө жана Коопсуздук кеңешине жөнөтүлдү. Тергөө үчүн материалдар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүлүп берилди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.