Бишкек ЖЭБ үчүн 2 миллиарддан ашуун сомго көмүр сатылып алынат

787

Бишкек ТЭЦ үчүн 2 миллиарддан ашуун сомго жергиликтүү көмүр сатылып алынат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы жазды.

Маалыматка караганда, алдыдагы жылуулук сезонуна карата тоннасы 3100 сомдон 680 тонна көмүр сатып алуу пландалууда.

Былтыр Электрдик станциялар ачык акционердик коому 550 миң тонна көмүрдү Кыргыз көмүр ишканасынан 1 миллиард 600 миллион сомго сатып алган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.