Бишкек ЖЭБдеги авария: депутаттык комиссиянын корутундусу даяр болду

850

Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин териштирген парламенттик комиссиянын корутундусунда бул ишке тиешеси бар бир катар аткаминерлердин аты-жөнү көрсөтүлө турган болду. Бул тууралуу комиссия мүчөлөрү айтышууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жөнөтүлө турган тизмеде мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин, мурдагы каржы министри Ольга Лаврованын, ошол кездеги экономика министри Темир Сариевдердин ысымдары бар. Корутундуга азыркы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жакында эле УКМКга суракка чакырылган Сапар Исаков да киргизилген.

Депутаттардын айтымында, комиссия мүчөлөрү чыгарган тыянакта, келишимге кол койгон жана сунуш киргизген аткаминерлердин баары көрсөтүлүп, алардын иш-аракетине саясий баа берилет.