Бишкек ЖЭБдин жетекчиси болуп кайрадан Андрей Воропаев дайындалды

746

Бишкек жылуулук электр борборунун жетекчиси болуп Андрей Воропаев дайындалды. Тиешелүү чечим «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун генералдык дирекциясы тарабынан кабыл алынганы маалым болду.

Эске салсак, Бишкек жылуулук электр ишканасынын мурдагы жетекчиси Өмүркул уулу Нурлан премьер министрдин тапшырмасы менен 2-февраль күнү кызматынан алынган болчу. Буга 26-январь күнү Бишкек жылуулук борборунда от казандардын иштен чыгып, авариялык абал түзүлгөнү себеп болгон.

Андрей Воропаев болсо, 2013-жылдан 2017-жылга чейин аталган ишкананын жетекчиси болгон. Ал тиешелүү тармакта 26 жылдык тажрыйбасы бар жана Бишкек ТЭЦинде башкы инженер болуп иштеп келген.