Бишкек ЖЭБи кыш мезгилине 90%га даяр (видео)

560

Бишкек жылуулук электр борбору кыш мезгилине 90 пайызга даяр. Бүгүнкү күндө мекемедеги жабдыктардын негизги бөлүгүнө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөнү менен ТЭЦтин жетекчилиги алдыдагы жылуулук берүү мезгилинде авария болбойт деп кепилдик бергенден алыс экен.

Жалпысынан ордо калааны жылуулук менен камсыздоо үчүн бир миллион тоннага жакын көмүр керектелет. Бирок бүгүнкү күндө жылуулук борборунда болгону 130 миң тонна отун бар. Андыктан кыш келгенче ТЭЦке көмүрдүн керектүу көлөмү ташылып келинеби деген суроо учурда курч турат.