Бишкек ЖЭБинде 15 миң долларга экологиялык экспертиза жүргүзүлөт

1177

Бишкек жылуулук электр борборуна 15 миң долларга экологиялык экспертиза жүргүзүлөт. Бул боюнча январь айында тендер өткөрүлгөнү турат.

Казакстандагы «Борбор Азиялык экологиялык изилдөө институту» буга байланыштуу коммерциялык сунушун берген. Экспертиза аркылуу ТЭЦтен чыккан түтүндүн атмосферага канчалык зыян келтирээри аныкталат.

Жылуулук электр борбору модернизациялангандан кийин, адистер түтүндү тазалоо үчүн атайын чыпкалар орнотулуп, зыяндуу заттардын 80 %ы сыртка чыкпайт деп ишендирген.

Быйыл электр чыпкаларды капиталдык ремонттон өткөрүүгө 50 миң сом сарпталган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.