Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча комиссиянын алгачкы отуруму болду

820

Бишкек жылуулук электро борборундагы авария боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия бүгүн алгачкы отурумга чогулду. Биринчи жыйында комиссиянын төрагасы шайланып, бул милдет КСДП фракциясынын мүчөсү Улан Примовго жүктөлдү.

ТЭЦти жаңылоо жана андагы кырсыктын чоо-жайын иликтөө үчүн 12 депутаттан турган парламенттик комиссия эки жума мурда түзүлгөн. Алар бир айдын ичинде жылуулук борборундагы абал менен кеңири таанышып, бүтүм чыгарышы керек.

26-январда Бишкек жылуулук электр борборунда авария болуп, эң суук күндөрү калаа тургундары жылуулуксуз калган.