Бишкек — Кара-Балта трассасын курууда 17 үй жабыркады (видео)

697

Бишкек-Кара-Балта жолун куруу учурунда 17 турак жайдан жарака кеткен. Үй ээлери буга нараазы болуп, өкмөттөн кенемте талап кылышууда.

Бирок Транспорт министрлиги жол боюнча атайын комиссия текшерүү жүргүзгөндө, сейсмологдор техниканын айынан мынчалык жарака кетиши мүмкүн эмес экенин айтышкан.

Жергиликтүү тургундар муну менен макул эмес. Алардын айтымында, Бишкек-Кара-Балта жолун куруу учурунда үйдүн дубалдары урай баштаган.