Бишкек — Кара-Балта жолу 2020-жылдын аягына чейин бүткөрүлүшү мүмкүн

1227

Бишкек — Кара-Балта жолун оңдоо иштери эки айга кечигип жатат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев билдирди. Анын айтымында, быйыл 45 чакырым трассанын 35 чакырымын бүткөрүү пландалууда. Аткаминер Бишкек — Кара-Балта жолу 2020-жылдын аягына чейин бүткөрүлөт деп ишендирүүдө.

Эске салсак, дал ушул трассаны куруу иштери 2017-жылдын апрель айында эле башталган. Жалпы долбоордун баасы 120 миллион долларга бааланып, анын 100 миллион долларын Азия өнүктүрүү банкы бөлүп берсе, калганы мамлекеттик бюджеттен каржыланмак.

Буга чейин Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов трассанын ар бир чакырымын салууга болжол менен 1 миллион 600 миң сом жумшалып жатканын билдирген. Анда ал жолдун 4-фазасында 2 кабаттуу асфальт төшөлүп, көпүрөлөр оңдолуп, трассаны бойлой тротуарлар курулуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн жер өткөөлдөр жаңыла турганын убадалаган эле.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.