Бишкек — Кара-Балта жолу эки жылдан кийин бүткөрүлөт (видео)

956

Оңдоо иштери жүрүп жаткан Бишкек — Кара-Балта жолунда Беловодск айылындагы жолду кеңейтүү максатында 3 турак-жай түрттүрүлдү. Үй ээлерине болсо кыймылсыз мүлкүнүн баасы ашыгы менен төлөнүп берилгени айтылууда. Толугу менен жаңылана турган 45 чакырымдык тилкеде жалпысынан канча имарат түрттүрүлгөнү боюнча азырынча так маалымат жок. Бүгүн транспорт жана жолдор министрлиги Бишкек — Кара-Балта жолундагы оңдоо иштерин журналисттерге көрсөтүштү. Долбоорду ишке ашырган кытайлык компания салып жаткан жолдун сапаты жакшы болооруна кепилдик берип жатат. Учурда трассада жумуш кызуу жүрүп жаткандыктан, айдоочуларга ыңгайсыздык жаралууда. Курулушчулар болсо ишти тезирээк бүтүрүүгө аракет кылабыз, деп жатышат.