Бишкек – Кара-Балта жолу качан бүтөт? (видео)

1263

Бишкек-Кара-Балта жолун оңдоонун алкагында Военно-Антоновка айылында 400гө чукул дарак кыйылат. Учурда жолчулар бактарды кыркуу менен алек. Бирок жергиликтүү тургундар буга нааразы. Алардын айтымында, жашыл аймакты талкалабай эле, азыркы жолду жаңылап койсо туура болмок.

Ары бери каттаган айдоочуларды түйшүккө салган Бишкек – Кара-Балта жолунун курулушу качан аяктары белгисиз. Быйыл бүтөт деп сүйүнүү али эртелик кылат, дешет адистер. Жумушчулар азыр кайсы баскычына жетти?