Бишкек – Кара-Балта жолун салууда 800 миң айлык алган кызматкер (видео)

763

Бишкек — Кара-Балта жолун салууда 10 унаанын техникалык абалына жооп берген 2 кызматкердин маянасы 10 миң доллардан ашат. Башкача айтканда, 800 миң сомду түзөт. Бул маалыматтар Эсептөө палатасы тарабынан жүргүзүлгөн аудиттин негизинде аныкталды. Ошондой эле, текшерүүчүлөр аталган трассаны курууда башка дагы бир катар финансылык алешемдиктерди таап чыккан.

Ал эми транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлдөрү маянаны ортомчу компания төлөп жаткандыктан, бул маселеге тиешеси жоктугун айтууда. Ошентсе дагы, жолдун курулушу убагында эле бүтөөрүн, каражат максаттуу пайдаланылып жаткандыгын билдирди. Долбоорду ишке ашырууда акча өөнөлүп жатабы?