Бишкек: көчөдө уктап калган милиционерлер иштен кетеби? (видео)

1196

Көчөдө уктап калып, коомчулуктун катуу сынына кабылган 3 милиция кызматкеринин үстүнөн кызматтык териштирүү башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, бир жума ичинде социалдык тармактарда милиционерлердин уктап жатканы тартылган 2 видео тасма тараган. Биринде көк форма кийген тартип сакчы көк чөптүн үстүндө уктап жатканын көрүүгө болот.

Экинчисинде, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган 2 инспектор жолдун ортосунда токтоп турган унаанын ичинде уктап жатканы тартылган.