Бишкек: көрүстөндөгү жайлар 100 миң сомдон сатылабы? (видео)

2108

Бишкекте жолдорду оңдоо абдан жай жүрүп жатат. Мунун натыйжасында башка көчөлөрдө унаалардын узун тыгыны пайда болууда. Андан тышкары, сапаты боюнча да суроолор арбын. Бул тууралуу маселе бүгүн парламенттин жыйынында көтөрүлдү. Ошондой эле, отурумда маркумду акыркы сапарга узатууда ашыкча түйшүктөр пайда болгону айтылды. Алсак, Бишкек шаарында көрүстөндөгү бир орун үчүн 100 миң сомго чейин алынган учурлар бар. Бул сол чөнтөктөргө кетип жатат, дешет депутаттар.