Бишкек мэри ээрден түшкөнү калдыбы? (видео)

942

Бишкек шаардык кеңешиндеги «Республика Ата-Журт» фракциясы жалпы жыйында мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөөнү демилгелейт. Аталган фракция калаа жетекчисинин отчетун угуп, канааттандыраарлык эмес деп тапты. Депутаттардын айтымында, Бишкекте жасалган иштерге караганда, аткарылбагандары көп. Баш калаада жолду оңдоо начар жүрүп, жерлер сатылып, көчөттөр өтө эле кымбат алынганы мэрдин ишмердүүлүгүнө көлөкө түшүрүп койду, дешет эл өкүлдөрү. Эми фракциянын сунушун шаардык кеңештеги 45 депутаттын жарымынан көбү колдосо, анда мэр Албек Ибраимов отставкага кетирилет.