Бишкек мэри: Жаңы конуштарда коронавирус боюнча абал кооптуу

2135

Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштарда коронавирус боюнча абал кооптуу. Бул тууралуу Бишкектин мэри Азиз Суракматов билдирди. Анын айтуусуна караганда, Бишкектеги коронавирус илдетин жуктурган 183 адамдын 43ү калаадагы 14 калктуу конуштун өкүлдөрү. 143 адам шаардык дарек боюнча жашайт, ал эми 38 адамдын каттосу башка шаарларда.

Турак жай конуштардын тизмеси жана оору жуккан адамдардын саны:

Арча Бешик – 16

Ак-Өргө – 3

Көлмө – 7

Ак Босого – 6

Керамический – 2

Ак-Ордо – 1

Ынтымак – 1

Кара Жыгач – 1

Алтын Ордо – 1

Көк Жар – 1

Касым – 1

Мурас Ордо – 1

Тынчтык – 1

Учкун – 1.

Кыргызстанда коронавирус бүгүнкү күнгө карата 746 адамга жукту, алардын сегизи кайтыш болду, 462 бейтап сакайып кетти.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.