Бишкек мэриясы Казакстандан автобус сатып алат (видео)

1864

Бишкек мэриясы жүрбөй турган 300 автобусту баалоо жолу менен сатууну көздөөдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Калаа башчысы жарактан чыккан унаалардын ордун Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы болгон каражатка автобус сатып алуу менен толтурууну көздөөдө.

Ошондой эле, Казакстандан жүргүнчү ташууга ылайыктуу миң унаа алуу жагы дагы каралып жатыптыр. Анын 30 пайызы дизелдик май менен жүрө турган автобустар. Жунушалиевдин бул сунушу шаардыктардын нааразычылыгын жаратты. Бишкекте кара түтүн маселеси курч болуп турган чакта солярка менен жүргөн автобустарды алуунун кажети жоктугун белгилешет.