Бишкек мэриясы көчөттөрдү 9 миң сомго сатып алууда (видео)

997

Бишкек мэриясы тарабынан ар бири 9 миң сомдон сатылып алган көчөттөр соңку күндөрү кызуу талкуу жаратты. Көпчүлүгү бул өтө эле кымбат деген пикирлерин айтып жатышат. Экологдор болсо муниципалитет шаардык бюджеттин акчасын максатсыз чыгымдап жатат, деп айтышууда. Буга чейин “Жашылдандыруу” ишканасы чет өлкөдөн 14 миллион сомго жакын акчага бак-дарактардын алты түрүн сатып алган. Ал эми шаар башкармалыгынын айтымында, ал бактар атайын комиссиянын, экологдордун сунушу менен алынган. Анан да алар 2 жылдан кийин эле экологиялык функциясын аткарып баштайт экен. Кымбат баага сатылып алынган көчөттөр өзүн актайбы жана алар өсүп кетиш үчүн кандай кам көрүү зарыл?