Бишкек мэриясы организми сезгич адамдарды беткап кийүүгө чакырды

3514

Мындай кайрылуу борбор калаа администрациясынын сайтына жарыяланды. Ага ылайык, абадагы зыяндуу заттардан сактануу максатында организми сезгич адамдарга беткап кийип жүрүү сунушталган. Ошондой эле адистер «мүмкүн болсо үйдө аба тазалагычтарды колдонуп, терезелерди көп ачпаганга аракет кылыңыздар» деп кеңеш беришүүдө.

Эске салсак, ноябрдын башында Бишкек шаары дүйнөдөгү абасы эң булганыч шаардын бири деп табылган. Муну АКШнын Кыргызстандагы элчилиги орноткон «Airnow» жабдуусу аныктаган.

Бүгүнкү күндө абанын кескин бузулушуна автоунаалардын газы, үйлөрдүн жана мончолордун мешинен чыккан түтүн себеп болууда. Себеби бир топ тургундар мештерге таштанды, желим буюмдарды жагышат. Мунун баары абанын булганышына жана анын сапатынын индексинин жогорулашына алып келүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.