Бишкек мэрлигине Азиз Суракматовдун талапкерлиги көрсөтүлдү

687

Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы мэрлик кызматка талапкер кылып Азиз Суракматовду тандады. Мындай чечим коалициянын жыйынында кабыл алынды.

Белгилей кетсек, шаардык кеңештеги көпчүлүк коалицияга КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” фракциялары, жалпысынан 33 депутат кирет.

Азиз Суракматов мурда Жогорку Кеңештин депутаты, шаардык кеңештин төрагасы болгон. БШКнын чечими менен Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 8-августка белгиленген.