Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы мэрлик кызматка талапкер кылып Азиз Суракматовду тандады. Мындай чечим коалициянын жыйынында кабыл алынды.
Белгилей кетсек, шаардык кеңештеги көпчүлүк коалицияга КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” фракциялары, жалпысынан 33 депутат кирет.
Азиз Суракматов мурда Жогорку Кеңештин депутаты, шаардык кеңештин төрагасы болгон. БШКнын чечими менен Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 8-августка белгиленген.