Бишкек милициясы тергөөчүлөрдү издейт (видео)

785

Бишкек шаардык милициясына тергөөчү жана кылмыштарга алгачкы текшерүү жүргүзүүчү кызматкерлер жетишсиз. Мындан улам 40 штаттык бирдик бөлүндү. Учурда тартип сакчыларды тандап алуу боюнча сынак жарыяланды. Талапка ылайык, бул кызматта иштегиси келген адамдын аскердик билети же запастагы офицер чини болушу шарт.

Сынакка мурда укук коргоо органдарында иштебеген жарандар дагы катыша алат. Алар Кыргызстандын жараны жана юридикалык жогорку билимдүү болушу керек. Ишке жаш курагы 19дан 35ке чейинкилер кабыл алынат.