84,79
100,67
1,11
0,19
Бишкек -5°C

Бишкек-Москва багыты: билеттин баасы 100 миң сомго жетти (видео)

1873

Бишкек-Москва багытындагы билеттин баасы 100 миң сомго жеткенин авиабилеттерди саткан компаниянын алдында кезек күтүп тургандар билдиришти. Алар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы каттам жанданаары менен авиакомпаниянын алдына келип эшигин каккылап жүрүшүптүр.

Айтымдарында, көпчүлүгү пандемия башталганда келип, кайра артка кете албай калгандар. Ошондой эле арасында ден-соолугуна байланыштуу чукул Москвага уча тургандар да бар. Айрымдары баасына карабай сатып алам дегени менен, сатыкта билет жок болууда. Ошол эле учурда март айында билет алып коюп, күтүп отургандар да арбын экен.