Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы кырсыкта 2 аял набыт болду

696

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 156-чакырымындагы жол кырсыгында 2 аял набыт болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Кырсык шейшемби күнү 18:30дар чамасында болгон.

Маалыматтарга караганда, анда Тайота Калдина жана Мерседес Бенц үлгүсүндөгү эки унаа кагышып, Кочкордон Бишкекке келе жаткан унаадагы айдоочунун апасы менен 26 жаштагы кыз ошол эле жерден набыт болушкан.

Ошондой эле, 11 айлык ымыркай аймактык ооруканага кома абалында түшүп, дагы бир жүргүнчү хирургия бөлүмүнө жеткирилген. Учурда бул боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Мындан тышкары, Ысык-Көл областынын Чок-Тай айылында унаа оодарылып кетип, рулда бараткан аял менен анын жээни каза тапканы кабарланды. Маалыматтарга караганда, айдоочу машинесин башкара албай калган.