Бишкек-Ош трассасындагы жол кырсыгында 3 адам набыт болду

714

Бишкек-Ош унаа жолунун 467-чакырымында болгон жол кырсыгында 3 адам набыт болуп, экөө жаракат алды. Кырсык Жалал-Абад областынын Таш-Көмүр шаарына жакын жерде болуп, анда «Хонда Степ Вагондун» айдоочусу машинесин башкара албай калып жолдон чыгып кетип бакты сүзгөн.

Жаракат алган айдоочунун айтымында, алар Кара-Көл шаарын көздөй бара жатышкан. Кырсык болгон жерге барган куткаруучулар каза болгон адамдардын жансыз денелерин майышып калган унаадан чыгарышкан.

Ошондой эле кечээ Ош областынын Кара-Суу районунун Бекжар айылына жакын жерде «Мерседес» машинеси кой айдап бараткан 10 жаштагы баланы сүзүп кетип, ал ооруканага жетпей каза тапкан. Ушул эле унаа 60тан ашык койду тебелеп кеткен. Учурда бул боюнча тергөө иштери жүрүүдө.