Бишкек-Ош жолу: Адистер айдоочуларды сак болууга чакырышууда

2827

Бишкек-Ош жолуна түшкөн көчкү толугу менен тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган автомагистралдын Суусамыр жайлоосундагы эки жерге 2000 метр куб көлөмүндө кар көчкү түшкөн. Бул болсо жолдогу унаа кыймылынын токтошуна алып келген. Бактыга жараша, көчкүдөн эч ким жапа чеккен эмес. Тиешелүү министрликтин куткаруучулары жана атайын техникалары тартылып, жол тазаланган.

Учурда Бишкек-Ош жолу ачык. Бирок адистер жолго чыккан айдоочуларды сак болууга чакырып, унаалардын ортосундагы аралык 500 метрден кем болбоого тийиш экенин эскертүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.