Бишкек-Ош жолу бир суткага жабылды

1184

Транспорт министрлигинен кабарлашкандай, Төө-Ашууда кардын калыңдыгы бир метрден жогору болгонуна байланыштуу жолдуу тазалоо иштери оорчулук менен коштолуп, айдоочулардын өмүрүнө коркунуч келтирүүдө.

Мындан улам, трасса бир суткага жабылды. Маалыматтарга караганда, Бишкек-Ош жолунун 80-чакырымдан 210-чакырымына чейин калың кар жаап, көчкү түшүү тобокелчилиги жогору болууда.

Жол тазаланып бүткөнгө чейин кыймыл токтотулду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу кечээтен тарта “Сосновка” өткөрмө бекетинде оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизген эле. Мындан улам, учурда Бишкек-Ош трассасында машиналардын узун тыгыны пайда болду.