Бишкек-Ош жолу тийиштүү деңгээлде оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес

1079

Былтыр Бишкек-Ош жолу тийиштүү деңгээлде оңдоп-түзөөдөн өтпөгөнү белгилүү болду. Кыргыз транспорт прокуратурасы Бишкек-Ош автожол мамлекеттик дирекциясынын № 9 жол оңдоо ишканасын текшерип, анда бир катар мыйзам бузууларды аныктады.

Былтыр аталган ишкана Бишкек-Ош автожолунун 132-138-чакырымдарында курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүп, анын документтеги сметалык баасын 24 миллион 345 миң деп көрсөткөн. Иш жүзүндө жол оңдоо ишканасынын кызмат адамдары жалданма фирмалар менен өз ара келишип алып, жол-курулуш эрежелерин сактабай, жогорулатылган баада асфальт төшөгөн.

Атайын текшерүүнүн негизинде жолго кеткен асфальт долбоордогу көрсөткүчтөн 449 тоннага аз болгону аныкталды. Бул кылмыштуу иштердин негизинде мамлекетке 1 миллион 219 мин сом зыян келтирилген. Буга байланыштуу тиешелүү жактарга «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» жана «алдамчылык» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.