Бишкек-Ош жолу үч күнгө жабылды

1415

Түндө Чычкан капыгайында көлөмү 2,5 миллион метр кубка жеткен кар көчкү түшкөн. Аны тазалоого бери дегенде үч күн кетет. Учурда ал жакта транспорт министрлигинин инженердик техникасы иштеп жатат.

Жол толук тазаланганча «Сосновка», «Өтмөк» жана «Арал» посттору жабык болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларды үч күнгө чейин жолго чыкпай турууга чакырат.