Бишкек-Ош жолунда 23 тонна шекер жүктөлгөн фура күйүп кетти

749

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, өрт унаанын чиркегичинен чыгып толугу менен каптаган. Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчүлөрдүн эки бригадасы чакырылган.

Айдоочу жабыркаган эмес, ал эми фурадагы 23 тонна кумшекер толугу менен күйүп кеткен. Алдын ала маалымат боюнча кырсык өрт коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан пайда болгон.