Бишкек-Ош жолунда 3 унаа кагылышып, 4 адам мерт кетти

695

Бишкек-Ош жолунда 3 унаа кагышып, жол кырсыгынан 4 адам мерт кетти. Алардын ичинде 3 жаштагы наристе да бар экени белгилүү болду. Унаанын артында дагы 2 бала бар экени, учурда алардын абалы оор экени айтылууда. Окуя Суусамыр өрөөнүндө болгон.

Маалыматтарга караганда, «Мазда» үлгүсүндөгү жол тандабас Суусамырдан Бишкекке, «МАН» үлгүсүндөгү май ташуучу унаа Бишкектен Ошко кетип бара жаткан. Мазданын артында бара жаткан «Хонда Торнео» унаасы андан ашып өтүүгө аракет кылып, бирок каршы тилкедеги май ташуучу унааны көрүп, өз тилкесинде кетип бара жаткан «Мазда» унаасын сүзгөн. Ал эми май ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып калган.

Алдын-ала алынган маалыматтар боюнча, жол тандабастын айдоочусу жана анын жубайы ошол жерден мерт кеткен. Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6 куткаруучусу маркумдардын сөөгүн алып чыгышкан. Күбөлөрдүн айтымында, «Мазда» унаасында каза болгондор бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Алар Суусамыр жайлоосунда эс алып, Бишкекке кайтып бара жатышкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.