Бишкек-Ош жолунда айдоочу 2 унаанын кагылышуусуна себеп болуп кала жаздады

6647

Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унаанын айдоочусу каршы тилкеге чыга калып, аз жерден эки башка унаанын жол кырсыгына учурашына себеп болуп кала жаздады. Бул тууралуу Жол инспекторлору билдиришти.

Маалыматтарга караганда, «Вольво» жүк ташуучу унаасынын айдоочусу туннелден чыгып келе жатып, каршы тилкеге салган. Мунун кесепетинен авариялык кырдаал жаралган.

Тартип сакчылары ал айдоочуну кармашкан. Ал Ош областынын Кара-Суу районунун 41 жаштагы тургуну экени маалым болду. Айдоочу күнөөнү мойнуна алган. Бул окуя боюнча протокол толтурулуп, айдоочуга айып салынды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.