Бишкек-Ош жолунда айнеги караңгылаткан унааларга каршы рейд жүрүүдө

672

Бишкек-Ош жолунда автоунаасынын айнегин караңгылатып алган айдоочуларга каршы «Тонировка» деп аталган рейд жүрүүдө. Бул иш-чараны жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен Транспорт жана жол министрлиги биргеликте уюштурган.

Эске салсак, жаңы эрежелерге ылайык машиналарынын айнектерин караңгылатып алгандарды тескөө милдети Транспорт министрлигине жүктөлгөн. Бирок аларга унааларды токтотуу функциясы берилбей калгандыктан, жол инспекторлору менен биргеликте рейд уюштурушууда. Бирок учурда киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык жакында тиешелүү функция кайрадан Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүлөт.

Ушул шейшемби күнү өткөрүлгөн рейдде айдоочуларга жалпысынан 282 миң сом айып салынган. Айыптын өлчөмү жеке жактар үчүн 3 миң болсо, юридикалык тараптарга 13 миң сом. Ал арада, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары автоунаалардын айнегин караңгылатууну мыйзамдаштырууну сунушташууда. Болгону караңгылатуунун баасын 500 доллар кылып коюу керек дешет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.