Бишкек-Ош жолунда автоунаалардын кыймылына чектөө жок

776

Бишкек-Ош автожолун кардан тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө жана автоунаалардын кыймылына чектөө жок. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Бишкек-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусу кардан тазаланып, штаттык режимде иштеп жатат. Жолдогу тайгалакка каршы себилүүчү атайын кум, шагылдар тиешелүү тилкелерге жеткирилген. Жолду тейлөөчү ишканалардын техникаларынын бары ишке тартылган.

Министрликтин адистери алыс жолго чыккан айдоочуларга жанына чынжыр жана жетиштүү күйүүчү май алууларын эскертип, жолдо автоунаа кыймылынын аралыгын 500 метрден кемитпей сактоого чакырууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.