Бишкек-Ош жолунда бир жума бою кар атып түшүрүлөт

837

Эртеңден тарта бир жума бою Бишкек-Ош жолунда кар атып түшүрүлөт. Бул тууралуу маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги таратты.

Көчкү түшүү коркунучу бар аймактарда, тагыраак айтканда 132-137, 198-255-чакырымдарда башкы штабдын артиллериялык техникасынын жардамы менен кар атып түшүрүлөт.

Мындан улам, автоунаалардын кыймылына маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Трасса толугу менен жабылбайт.