Бишкек-Ош жолунда күйүүчү май ташып бараткан унаа оодарылып кетти

661

Бүгүн таңга маал Бишкек-Ош жолунда күйүүчү май ташып бараткан унаа аласалып кетти. Кырсыктан жабыркагандар жок. Окуя болгон жерде 10 тоннадай бензин төгүлгөн.

Маалыматтарга караганда, эртең менен жаан жаагандан кийин жол тайгалак болуп, катуу ылдамдыкта бараткан айдоочу рулду башкара албай калып, машина оодарылып кеткен. Анын унаасында 36 тонна күйүүчү май болгон.