Бишкек-Ош жолунда кырсыктан бир өспүрүм жабыркады

729

Бишкек-Ош автожолунда күйүүчүу май ташыган автоунаа оодарылып, анын кесепетинен 12 жаштагы өспүрүм жол кырсыгына кабылып, ал Кара-Балта шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Өлкөнүн эки борборун бириктирген трассанын 68-чакырымында, тактап айтканда Чүй областынын Жайыл районуна жакын жерде мазут ташыган машина жолдон чыгып кетип, чиркегичи оодарылып кеткен. Андан качып айдайм деген башка автоунаа жолду кесип өтүп бараткан баланы сүзүп кеткен.

Ошондой эле, окуя болгон жерге 15 тонна мазут төгүлгөн. Учурда тиешелүү мекеме кырсыктын себептерин иликтеп жатат.