Бишкек-Ош жолунда май ташыган унаа менен жеңил автомашина кагышты

770

Бишкек-Ош жолунда Чычкан капчыгайындагы жол кырсыктан катуу жабыркаган 7 жаштагы кыздын абалы оор бойдон калууда. Анын башы жарылган, учурда эсине келе албай жатат. Аварияда жабыркаган 19 жаштагы жигиттин мээси чайкалып, буту сынган. Абалы орто туруктуу деп бааланууда. Ал эми 55 жаштагы эркек кишинин жамбашы кокустаган.

Ишемби күнү түшкө маал Чычкан капчыгайында күйүүчү май ташыган унаа менен жеңил автомашина кагышкан. Анын кесепетинен төрт жүргүнчү ошол жерден жан берген. Ал эми жаракат алган үч киши Токтогул райондук ооруканага жеткирилген. Аварияда каза тапкандардын баары Баткен областынын Кулунду айылынын тургундары экени, улуусу 67 жашта, кичүүсү 27де болгону аныкталды.