Өлкөнүн ашууларында унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

954

Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда, оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министрлиги билдирди. Жеңил машиналар үчүн азырынча жол ачык. Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу, Көк-Бел, Ала-Бел ашууларында жана Суусамыр өрөөнүндө майда кар жаап, анын калыңдыгы 5-10 сантиметрге жетти.

Транспорт министрлиги кабарлагандай, учурда жолчулар трассаны тазалап, туз, кум чачып жатышат. Бул ишке 8 атайын техника жана 8 жумушчу тартылган. Буга чейин Төө-Ашууда жол кыймылы татаалданганы тууралуу айдоочулар билдиришкен. Алар трасса тайгак болуп, авариялык кырдаал түзүлүп жатат, деп нараазы болушкан.

Мындан улам жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды кышкы дөңгөлөктөрдү жана чынжырларды камдап алуу керектигин эскертет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.