Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгы катталып, 3 адам көз жумду

1055

Бишкек-Ош жолунда бараткан автоунаанын айдоочусу уктап кетип, жол кырсыгынан 3 адам каза болду. Жеңил унаа жүк ташуучу машинанын алдына кирип кеткен. Жеңил машинанын ичинде Чаткал районунун 6 тургуну бараткан. Анын үчөө окуя болгон жерде мурт кетип, үчөө ооруканага жеткирилген.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жеңил унаанын айдоочусу уктап кетип, каршы тилкеде бара жаткан чоң унаанын алдына кирип кеткен. Жүк ташуучуну машинанын айдоочусу жабыркаган эмес.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.