Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 6 адам жабыркады

1216

Өткөн дем алыш күндөрү бир нече жол кырсыгы катталып, андан бир киши көз жумса, бир нечеси ар кандай жаракаттарды алышты. Ишемби күнү Бишкектин Ден Сяопин проспекти менен Фучик көчөсүнүн кесилишинде «Лексус» унаасы мамыга урунуп айдоочу мерт кетсе, жүргүнчү оор абалда ооруканада.

Күбөлөрдүн айтымында, унаа өтө жогорку ылдамдыкта келе жаткан. Учурда оор абалда реанимацияда жаткан Асель Мамбеткалиева буга чейин бир нече телевизиондук программаларды уюштуруп келген. Анын жакындары Мамбеткалиевага 3 операция жасалып жана комада жатканын билдиришип, коомчулукка финансылык жардам сурап кайрылышты.

Ошондой эле, Бишкек-Ош жолунун 162-чакырымында, тактап айтканда Чүй областынын Жайыл районуна жакын жерде бараткан “Спринтер” унаасы, жол жээгинде токтоп турган машинаны сүзүп, анын кесепетинен 6 адам ар кандай жаракаттарды алды. Жабырлануучулар райондук ооруканага жеткирилди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.