Бишкек-Ош жолунда жүргүнчү ташыган унаа экиге бөлүнүп кетти (видео)

1125

Бишкек-Ош трассасынын 473-чакырымында үрөй учурган жол кырсыгы катталып, анда күйүүчү май ташыган унаа менен «Спринтер» үлгүсүндөгү унаа кагышып, жүргүнчү ташыган унаа экиге бөлүнүп кеткен. Жол кырсыктын кесепетинен бир адам набыт болуп, 5 адам жабыркаган. Алар аймактык оорукагана жеткирилишип, биринин абалы оор деп бааланууда.

Ал арада «Коопсуз шаар» долбоорунун 2-этабы башталбай турат. Планга ылайык, 20 — апрелге чейин эле өлкөдөгү бардык ири шаарларда республикалык маанидеги трассаларда камералар орнотулары айтылган болчу. Бирок программанын техника-экономикалык негиздемеси бүтпөй жатканы маалым болду.