Бишкек-Ош жолундагы Ала-Бел ашуусунда тыгын пайда болду

1195

Жол тайгак болуп жеңил жана оор жүк ташуучу унаалар ордунан жыла албай калган. Мындай көрүнүш бүгүн таң эртеден бери болуп жатканын кабарлаган айдоочулар Ала-Бел ашуусундагы абалды видеого тартып жиберишкен. Бүгүнкүгө караган түнү өлкөнүн тоолуу аймактарында кар жаап, жолдо жүрүү кыйындаган.

Айдоочулардын айтымында, Ош-Бишкек трассасындагы Ала-Бел ашуусунда кар тазалап, кум сепкен тиешелүү мекеменин бир дагы кызматкерлери жок. Жүргүнчүлөр менен айдоочулар өздөрү жол жээгинен топурак алып чачып, унааларын түртүп жылдырышууда.