Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан 3 адам жабыркады

724

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан кийин 3 адам ооруканага жеткирилди. Болжолдуу маалымат боюнча, эки унаа Чычкан капчыгайында кагышкан.

Жол кырсыктын кесепетинен з адам жабыркап, Токтогул райондук ооруканасына түшкөн. Алардын баш мээси чайкалып, баш сөөгүнөн жаракат алышкан. Жабырлануучуларга тиешелүү жардам көрсөтүлдү.

Учурда жол кырсык боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат. Азырынча кырсыктын себеби белгисиз.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.