Бишкек-Ош жолундагы жол кырсыгынан эки жүргүнчү набыт болду

1081

Бишкек-Ош жолунун 264-чакырымында “Хонда Степ” үлгүсүндөгү унаа Чычкан суусуна кулап, ичиндеги сегиз жүргүнчүнүн экөө набыт болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, алардын бирөөсүнүн жансыз денесин куткаруучулар сууга кулаган унаадан, экинчисин суудан табышкан. Калган алты киши Токтогул райондук ооруканасына жеткирилди.

Ушул эле Бишкек-Ош жолунда кечээ кечинде эки жеңил унаа кагышып, он адам жабыркаганы белгилүү болду. Маалыматтарга караганда, кырсык Кара-Көл шаарынан анча алыс эмес Сары-Булак тилкесинде болгон. Анда «Фольксваген Пассат» жана «Мазда» унаалары сүзүшүп, ал машинелерде бара жаткан он адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген.