Бишкек-Ош жолундагы жол кырсыгында 6 адам курман болду

1477

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кырсык аталган трассанын 480-чакырымында, Жалал-Абад областынын Ноокен районунун Достук айыл аймагында түнкү саат 10дордо болгон. Анда «Ауди» үлгүсүндөгү 2 унаа жана «Хундай Портер» болуп, 3 машина кагылышкан.

Мунун кесепетинен, «Аудиде» бараткан 5 адам кырсык болгон жерде каза тапса, дагы бирөө ооруканага жетип көз жумган. «Хундай Портердин» ичиндеги бир киши жаракат алып,  Шамалды-Сай шаардык ооруканасына жеткирилди. Учурда милиция кырсыктын себептерин иликтеп жатат.

Жыл башынан бери, өлкөдө 4 миңге жакын жол кырсыгы катталап, аларда каза тапкандардын саны 500дөн ашты.